КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2021-жылдын 19-августу № 11
Орто-Арык айылынын Курама көчөсүнүн генералдык планын түзөтүү жана бекитүү жөнүндө
Курама айыл өкмөттүн жеке менчик турак жай боюнча адиси А.Дуйшеновдун “Орто-Арык айылынын Курама көчөсүнүн генералдык планын түзөтүү жана бекитүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттар кийинкилерди белгилешти: 2014-жылдын 14-августа Курама айылдык кеңештин 6 чакырылышынын XII кезексиз сессиясында «Курама айыл округундагы Орто-Арык жана Эфиронос айылдарынын генералдык пландарын бекитүү жөнүндө” № 8 токтому кабыл алынган. Орто-Арык айылына жаңы скважина тургузганга жер участок бөлүп берүү зарыл. Орто-Арык айылынын Курама көчөсү боюнча генералдык планга суу алуучу скважинаны көрсөтүү менен өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы жана мечет кварталындагы жер участокторуна социалдык объектерин куруу пландаштырылгандыгына байланыштуу, ал жер участокторду генпландан чыгарылышы керектигин депуттар тарабынан белгиленди. Жогоруда айтылгандын негизинде Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Арык генералдык планына түзөтүү, суу алуучу скважинаны көрсөтүүсү менен киргизилсин.
2. Орто-Арык айылынын түзөтүлгөн генералдык планы бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Курама айылдык кеңештин төрагасы |
Р.Р. Мамбеталиев |