Редакцияот 19.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезексиз V сессиясы

2021-жылдын 19-августу № 13

Панфилов айылынын Ардактуу тургуну наамын ыйгаруу жөнүндө

Курама айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча адиси Ф.К.Айлчинованын Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгын майрамдоосуна Панфилов айылынын тургундарын Суровцев В.В. жана Токтосунов С.С. социалдык-маданий жана спортун өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы, активдүү коомдук иши үчүн “Панфилов айылынын Ардактуу тургуну” наамын ыйгаруу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Курама айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Панфилов айылынын Ардактуу тургуну” наамын төмөнкү жарандарга ыйгарылсын:

     1) Суровцев Виктор Васильевич – ок атуу боюнча машыктыруучу

     2) Токтосунов Самаган Сарлыкович – кол өнөрчү

2. Курама айыл өкмөтүнө эки жума мөөнөт ичинде Панфилов айылынын Ардактуу тургуну наамга тиешелүү Белгилерин, Грамоталарын, Ленталарын, күбөлүктөрүн даярдоону камсыз кылсын жана акча каражат төлөнүүсү каралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Курама айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.

 

Төрага

 Р.Р. Мамбеталиев