Редакцияот 19.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезексиз V сессиясы

2021-жылдын 19-августу № 14

Кубанычбекова Каныкей Кубанычбекованы Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө

Курама айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча адиси Ф.К.Айлчинованын, Кубанычбекова Каныкей Кубанычбековнанын спортко кошкон чоң салымы жана Токиодо өткөн жайкы Олимпиада оюндарына ок атуу боюнча мелдешке катышкандыгы үчүн Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Курама айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кубанычбекова Каныкей Кубанычбековна Курама айыл өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйлансын.

2. Курама айыл өкмөтүнө эки жума мөөнөт ичинде Ардак грамотаны даярдоону камсыз кылсын жана акча каражат төлөө каралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Курама айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.

 

Төрага

 Р.Р. Мамбеталиев