Редакцияот 19.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезексиз V сессиясы

2021-жылдын 19-августу № 15

“Туракжай-коммуналдык чарба” бөлүктөн 22221200 беренесинен жана “Китепкана” бөлүктөн 31123230 беренесинен “Мамлекеттик кызмат” бөлүгүнө 31123230 беренесине акча каражаттарын жылдыруу жөнүндө

Курама айыл өкмөттүн башчысы Н.М.Узакбаевдин, “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында Курама айыл өкмөттүн техникалык камсыздаруусун жана компьютерлерди жаңылатуу муктаждыгына байланыштуу, бюджеттин бөлүктөрүндө акча каражаттарын жылдыруу зарылдыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Курама айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Курама айыл өкмөттүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу Б.К.Космосаалыевге “Туракжай-коммуналдык чарба” бөлүктөн 22221200 “Буюм жана материалдарды сатып алуу” беренесинен 50,0 миң сом жана “Китепкана” бөлүктөн 31123220 “Компьютердик жабдууларды сатып алуу” беренесинен 30,0 миң сом “Мамлекеттик кызмат” бөлүгүнө 31123230 “Компьютердик жабдууларды сатып алуу” беренесине 80,0 миң сом акча каражатын жылдыруусун жүргүзсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айыл кеңештин

төрагасы

 

Р.Р. Мамбеталиев