Редакцияот 14.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги II сессиясынын жыйналышынын

2021-жылдын 14-июлу № 2/1.1

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жана иш милдеттерин бөлүштүрүү жөнүндө

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын курамын жана иш милдеттерин бөлүштүрүлүшүн талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын

- төрагасына № 2 - 8 мандаттуу Ылай-Талаа шайлоо округунан депутат Дыйканов Салмоорбек Аширбекович,

- катчысына № 1 - 8 мандаттуу Каманчы шайлоо округунан депутат Беделова Турнакан Апиевна,

- мүчөсүнө № 3 - 5 мандаттуу Сай шайлоо округунан депутат Райымкулов Марс Камчыбекович бекитилсин.

 

2. Эсептөө комиссиясынын төрагасына жалпы шайлоого көзөмөлдүк жүргүзүү, эсептөө комиссиясынын катчысына шайлоо бюллетендерин кол тамгаларын белгилеп таркатуу жана эсептөө комиссиясынын мүчөсүнө урнага түшкөн бюллетендерди көзөмөлдөө милдеттери бөлүштүрүлсүн.

 

3. Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоону уюштуруу жагы Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.

 

Ылай-Талаа айылдык

кеңешинин төрагасынын

орун басары:

 

 

А.Үтөңбай уулу