Редакцияот 19.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезексиз II сессиясынын жыйналышынын

2021-жылдын 19-августу № 2/2

Ылай-Талаа айыл аймагындагы тургундарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда Ылай-Талаа жана Сай айылдык СООПВ ишканаларынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык айыл аймагындагы Ылай-Талаа, Сай айылдарынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда айыл өкмөтүнүн алдындагы СООПВ ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Коңурбаев, Ылай-Талаа айылдык СООПВ ишканасынын башчысы А.Бердибековдордун маалыматтарын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айыл аймагындагы Ылай-Талаа, Сай айылдарынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда айыл өкмөтүнүн жана СООПВ ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштери айрым кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.

 

2. Ылай-Талаа айыл аймагындагы тургундарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда белгиленип кеткен кемчилдиктерди тез арада жоюу менен бирге суу пайдаланган абоненттердин картасын, графигин иштеп чыгуу аркылуу суу чыкпаган жерлерге толук суу жеткирүү, абоненттерден бекитилген тариф боюнча чогулган каражаттарды максаттуу пайдалануу, Кара-Суу насосуна иштетилген электр энергиясына мониторинг жүргүзүү, айыл өкмөтүнүн алдындагы "Таза суу" муниципалдык ишканасынын ишин жандандыруу боюнча иш алып баруу жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Коңурбаев, Ылай-Талаа айылдык СООПВ ишканасынын башчысы А.Бердибековдорго милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ылай-Талаа айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Кадамбаева