ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезексиз ХХ сессиясынын жыйынынын
2021-жылдын 4-майы № 20/5
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 29-беренесинин 3,4-пунктуна жана Ылай-Талаа айылдык кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пунктуна ылайык “Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жолдошованын маалыматын, Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2021-жылы бекитилген бюджетине зарылчылык келип чыккандыгына байланыштуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
(тиркеме тиркелет)
2. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн бюджеттик планына киргизип берүү жагы КРФМ Кара-Кулжа каржы башкармалыгынан суралсын.
3. Бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө тиешелүү документтерди даярдап райондук каржы башкармалыгына тапшыруу жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жолдошовага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы У.Ажимаматов) тапшырылсын
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Жолдошов |
| Ылай-Талаа айылдык кеңешинин 04.05.2021-жылдагы № 20/5 токтомуна тиркеме |
2021-жылдын бюджетине төмөндөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү
№ |
тармак
|
глава |
берене | өзгөртүүлөр | анын ичинен | ||||
көбөй түлөт | азай тылат | I кв | II кв | III кв | IV кв | ||||
1 | 708 клуб | 22154 | 900 | - | 70 000 | - | 70 000 | - | - |
2 | 709 д/сад | 22154 | 900 | 70 000 | - | - | 70 000 | - | - |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жалпы: |
|
| 70 000 | 70 000 | - | 140 000 | - | - |
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин катчысы: |
С.Осмоналиев |