ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезексиз I уюштуруу сессиясынын жыйынынын
2021-жылдын 18-майы № 1/5
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин алдындагы туруктуу комиссияларын түзүү жана алардын иш-пландарын бекитүү жөнүндө
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезексиз I уюштуруу сессиясынын 18.05.2021-жылдагы № 1/2 токтому менен бекитилген айылдык кеңештин регламентинин 2-главасынын 2.2-беренесине ылайык айылдык кеңештин катчысы С.Осмоналиевдин айылдык кеңештин алдындагы туруктуу комиссиялары жана алардын иш-пландары боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айылдык кеңешинин алдында төмондөгүдөй аталыштагы туруктуу комиссиялары түзүлсүн жана алардын курамы, иш-пландары бекитилсин:
а) Мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саямий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясы:
- Абдимажит уулу Осмон – төрага,
- Мойдунов Абдумалик – катчы,
- Ормонбекова Базаргүл – мүчөсү,
- Акматалиева Айгүл – мүчөсү.
б) Курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, энергетика жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясы:
- Жаңыбаев Абай – төрага,
- Кадамбаева Айнура– мүчөсү,
- Бектемирова Перизат– мүчөсү,
- Исмайылов Эрали – катчы.
в) Агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы:
- Казматов Нурмухаммед– мүчөсү,
- Беделова Турнакан– мүчөсү,
- Омошов Фиридон – катчы,
- Эшейбай уулу Айбек– мүчөсү,
- Исабаев Мелис – төрага,
- Баргыбаева Роза– мүчөсү,
г) Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясы:
- Айтбаев Нурланбек – төрага,
-Шермаматова Нуржамал– мүчөсү,
- Дыйканов Салмоорбек– мүчөсү,
- Райымкулов Марс - катчы
- Шералиева Анаркүл – мүчөсү.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Үтөңбай уулу Акылбекке тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Жолдошов |
| Ылай-Талаа айылдык кеңешинин 18.05.2021-жылдагы № 1/5 токтомуна 1-тиркеме |
Айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2021-жылга карата түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ
1. Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына даярдык, каралуучу маселелер:
2. Айылдык кеңештин депутаттарынын эл арасында жүргүзүп жаткан иштери боюнча отчетторун угуу.
Ар бир кварталда : Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары.
3. Айыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы жүргүзүлүп жаткан иштер, ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча «Коомдук алдын алуу борборунун», аймактык инспектордун, айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссиялардын жана Аксакалдар сотунун, аялдар, жаштар кеңештеринин жер-жерлерде жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө.
2021-жылы июль айы: - Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү, аймактык инспектор,
коомдук кеңештер жана тиешелүү кызмат адамдары
4. Айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин иш-аракеттерин камсыз кылуу боюнча айыл өкмөтүнүн жана билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
2021-жылдын октябрь айы : Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары
5. Эмгек коллективдерде жана айыл ъкмөтүнүн аппаратында эмгек тартибин чыңдоо жана укук бузуучуларга каршы жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө
2021-жылы декабрь айы : Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү
6. Айыл аймагында жашаган калктын саламаттыгын сактоодо № 7 ҮБДТ жан ФАПтардын жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө
2021-жылдын декабрь айы : Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары, №7 ҮБДТнун башчысы
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин катчысы : | С.Осмоналиев |
| Ылай-Талаа айылдык кеңешинин 18.05.2021- жылдагы № 1/5 токтомуна 2-тиркеме |
Айылдык кеңешинин “Агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча” туруктуу комиссиясы туруктуу комиссиянын 2021-жылга карата түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ
1. Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына даярдык, каралуучу маселелер:
Ар бир кварталда : Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары.
2. Айылдык кеңештин депутаттарынын эл арасында жүргүзүп жаткан иштери боюнча отчетторун угуу.
Ар бир кварталда : Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин катчысы : |
С.Осмоналиев |
| Ылай-Талаа айылдык кеңешинин 8.05.2021- жылдагы № 1/5 токтомуна 3-тиркеме |
Айылдык кеңештин “Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча” туруктуу комиссиясынын 2021-жылга карата түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ
1. Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына даярдык, каралуучу маселелер:
2. Айылдык кеңештин депутаттарынын эл арасында жүргүзүп жаткан иштери боюнча отчетторун угуу.
Ар бир кварталда : Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары
3. Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын алты айлык бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө
2021-жылдын июль айы : Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана ФЭБ башчысы
4. Сырткы жана ички инвестицияларды тартууда айыл элинин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууда айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
2021-жылдын октябрь айы: Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары
5. Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын тогуз айлык бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө
2021-жылдын октябрь айы : Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана ФЭБ башчысы
6. Айыл өкмөтүнүн 2022-жылга түзүлгөн бюджетин бекит\\ жън\ндъ
2021-жылдын декабрь айы : Туруктуу комиссиялар, ФЭБ башчысы
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин катчысы : |
С.Осмоналиев |
| Ылай-Талаа айылдык кеңешинин 18.05.2021- жылдагы № 1/5 токтомуна 4-тиркеме |
Айылдык кеңештин “Курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, энергетика жана кайра иштетүү боюнча” туруктуу комиссиясынын 2021-жылга карата түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ
1. Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына даярдык, каралуучу маселелер:
2. Айылдык кеңештин депутаттарынын эл арасында жүргүзүп жаткан иштери боюнча отчетторун угуу.
Ар бир кварталда : Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары.
3. Ылай-Талаа айыл аймагынын калкын пенсия, пособия жана массалык маалымат менен тейлөөдө Ылай-Талаа айылдык байланыш бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
2021-жылдын июль айы : Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары, айылдык байланыш бөлүмүнүн башчысы.
4. Айыл аймагындагы айылдарда жашаган элди электр энергиясы менен тейлөөнүн жүрүшү жана дебитордук карыздардын төлөнүшүнүн абалы жөнүндө
2021-жылдын декабрь айы : Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин катчысы : |
С.Осмоналиев |