Редакцияот 25.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезектеги XX сессиясынын жыйналышынын

2021-жылдын 25-февралы № 20/4

Ылай-Талаа айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун айрым жерлерин ижара акысынан бошотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтомунун 3-бөлүгүнүн 21-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу” токтомунун 3-бөлүмүнүн 21-бөлүмчөсүнүн негизинде айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча башкы адиси Б.Исаевдин берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун төмөндөгү тиркемеде белгиленген контурда жайгашкан жерлерине аукцион аркылуу ижарага берүүдө эч бир жарандан сунуш түшпөгөндүгүнө байланыштуу төлөнүүчү ижара акысынан бошотулсун.

 ( тиркеме тиркелет )

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ылай-Талаа айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Н.Жолдошов

 

 

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин 25.02.2021- жылдагы № 20/4 токтомуна тиркеме

 

Ылай-Талаа айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун ижара акысынан бошотулган жерлеринин жайгашкан контуру боюнча

 

ТИЗМЕСИ:

 

 

№

 

Жайгашкан дареги, аталышы

Жер тилкесинин өлчөмү га менен

 

Жайгашкан контуру

1

Ак-Колот

8,0

312

2

Ак-Курбу

29,0

466

3

Бел-Башат

62,0

172

4

Сары-Башыл

25,0

358

5

Шамалдуу -Конуш

17,0

466

6

Кичи-Ак-Ой

4,0

479

7

Сары-Ой

25,0

174

8

Кар - Ойдун бети

3,6

362

9

Чоң-Боз-Доң

20,0

297

10

Бакпас Күндө-Көчөр

6,1

457

11

Кара-Чачтын ою

2,5

300

12

Беш-Теректин чуңкуру

4,2

259

13

Караган чуңкур

25,0

312

14

Көк-Жар

1,6

258

15

Түркончу

1,0

336

16

Күндө - Көчөр

4,0

206

17

Суу кирген пор

5,0

337

 

 

 

 

 

Бардыгы:

243,0

 

 

Ылай-Талаа айылдык

кеңешинин катчысы:

 

С.Осмоналиев