ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезектеги XX сессиясынын жыйналышынын
2021-жылдын 25-февралы № 20/5
Ылай-Талаа айылындагы Каманчы участкасындагы Четки көчөгө (маркум) Казматов Каныбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 сандуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык айыл аймагындагы Ылай-Талаа айылынын Каманчы участкасындагы Четки көчөнүн жашоочуларынын жалпы жамаатынын 2021-жылдын 1-февралындагы жыйынынын № 1 протоколун карап чыгып айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айылындагы Каманчы участкасындагы Четки көчөгө Казматов Каныбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Казматов Каныбектин ысымы ыйгарылган көчөнүн абалын талапка ылайык деңгээлде болушун камсыздап, аталышын жаздырып, номерлерин илдирип, түнкү жарыктандыруу маселесин чечип берүү, дайыма көзөмөлдөп туруу жагы уулу Казматов Нурмухаммед Каныбековичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Жолдошов |