Редакцияот 25.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезектеги XX сессиясынын жыйналышынын

2021-жылдын 25-февралы № 20/7

Сай айылынын Тар дарыясынын боюндагы “Коргон-Жар” участкасында көк бөрү оюнуна ылайыкталган ат майданына (маркум) Абжапаров Нуралинин ысымын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 сандуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык айыл аймагындагы Сай айылынын № 8 бөлүмүнүн жашоочуларынын жалпы жамаатынын 2021-жылдын 27-январындагы жыйынынын № 1 протоколун карап чыгып айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сай айылынын Тар дарыясынын боюндагы “Коргон-Жар” участкасында көк бөрү оюнуна ылайыкталган ат майданына Абжапаров Нуралинин ысымы ыйгарылсын.

 

2. Абжапаров Нуралинин ысымы ыйгарылган ат майданынын абалын талапка ылайык деңгээлде болушун камсыздап, аталышын жаздырып, электр чубалгыларын тарттырып, айланасын көрктөндүрүп дайыма көзөмөлдөп туруу жагы уулу Абжапаров Тагайбек Нуралиевичке милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Ылай-Талаа айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Н.Жолдошов