ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезектеги XX сессиясынын жыйналышынын
2021-жылдын 25-февралы № 20/8
Ылай-Талаа айылынын кире беришиндеги Аркадан айылдын этегиндеги мүрзөгө чейинки жолдун эки тарабына сейил багын уюштуруу жана ага (маркум) Абакиров Төрөбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 сандуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык айыл аймагындагы Ылай-Талаа айылынын № 9 бөлүмүнүн жашоочуларынын жалпы жамаатынын 2021-жылдын 21-февралындагы жыйынынын № 1 протоколун карап чыгып айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айылынын кире беришиндеги Аркадан айылдын этегиндеги мүрзөгө чейинки жолдун эки тарабына сейил багы уюштурулсун.
2. Бул сейил бакка Абакиров Төрөбектин ысымы ыйгарылсын жана “Абакиров Төрөбек атындагы сейил багы” деп аталсын.
3. Уюштурулуп жаткан сейил бактын жер аянтын аныктап, уруксат берүүчү тиешелүү документтерин даярдоо жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго тапшырылсын.
Уюштурулуп жаткан сейил бактын абалын талапка ылайык деңгээлде болушун камсыздап, аталышын жаздырып, электр чубалгыларын тарттырып түнкү жарыктандырууну камсыздап,, айланасын көрктөндүрүп дайыма көзөмөлдөп туруу жагы небереси Үтонбаев Умарга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Жолдошов |