Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин кезексиз ХI сессиясынын (VI чакырылыш) жыйналышынын
2018-жылдын 25-декабры № 11/6
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15.07.2013-жылдын № 145 жана 19.03.2014-жылдын № 169 токтомдорунун негизинде жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык айыл аймагындагы айрым жер аянттарынын категориясын которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15.07.2013-жылдын № 145 жана 19.03.2014-жылдын № 169 токтомдорунун негизинде жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык айыл аймагындагы айрым жер аянттарынын категориясын которуу максатында Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15.07.2013-жылдагы № 145 мыйзамынын ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-марттындагы № 169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайыкайыл аймагындагы төмөндөгү жер аянттарынын категориясын которуу Ылай-Талаа айылынын аймагында ишке ашыруу мүмкүн экендиги белгиленсин.
2. Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Сай айылынын № 792 контурунда жайгашкан “Кара-Таш” участкасында жайгашкан 2,0 (эки) га таштуу жайыт жана Ылай-Талаа айылынын № 1585 контурунда жайгашкан “Өрдөш” участкасынан 0,50 (элүү) га таштуу жайыт жер аянтын, жалпысынан 2,5 (эки жарым) га жайыт жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуш жерлери” категориясына которуу (трансформациялоого) мүмкүнчүлүгүн карап берүү жагы КР Жогорку Кеңешинен суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы Б.Тоотаев ) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Жолдошов |