Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин кезексиз ХII сессиясынын (VI чакырылыш) жыйналышынын
2019-жылдын 16-июну № 12/3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15.07.2013-жылдын № 145 жана 19.03.2014-жылдын № 169 токтомдорунун негизинде жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык айыл аймагындагы айрым жер аянттарынын категориясын которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15.07.2013-жылдын № 145 жана 19.03.2014-жылдын № 169 токтомдорунун негизинде жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык айыл аймагындагы айрым жер аянттарынын категориясын которуу максатында Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15.07.2013-жылдагы № 145 мыйзамынын ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-марттындагы № 169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайыкайыл аймагындагы төмөндөгү жер аянттарынын категориясын которуу Ылай-Талаа айылынын аймагында ишке ашыруу мүмкүн экендиги белгиленсин.
2. Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Ылай-Талаа айылынын № 71 контурунда жайгашкан “Боз-Дөң” участкасынан 3,0 (үч) га жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына, бейитке которуу (трансформациялоого) мүмкүнчүлүгүн карап берүү жагы КР Жогорку Кеңешинен суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы Б.Тоотаев ) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Жолдошов |