Редакцияот 02.06.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЛБА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2022-жылдын 2-июну № 32

Калба айылдык кеңешинин 8- чакырылышынын 7-сессиясы

Күн тартибиндеги Калба айыл аймагынын жайыт комитетинин 2022-жылга карата жылдык бюджетин бекитүү жөнүндө Калба айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Калба аймагынын жайыт комитетинин 2022-жылдык бюджетинин киреше булагы -312,9 миң сом жана чыгаша булагы -312,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

2. Калба айыл аймагынын жайыт комитетинин чыгаша булактары көрсөтүлгөн статьялар боюнча бекитилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Калба айыл аймагынын жайыт комитетинин төрөагасы: У.Атакановго жүктөлсүн.

 

Төрага

Сатыбек уулу Максат