Редакцияот 18.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектеги XVIII сессиясы

2019-жылдын 18-ноябры № 3

Сарай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин киреше бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Сарай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн атайын каражат ата-энелер взносунун эсебинен бала бакчалардагы балдардын саны көбөйүп кеткендигине байланыштуу 600,0 миң сомго киреше жана чыгаша бөлүгү кошумчасы менен бекитилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Сарай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Э.Арзиев.