Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектеги XVIII сессиясы
2019-жылдын 18-ноябры № 4
Сарай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2019-жылдагы чыгаша бөлүгүнүн разделдер арасында туура эмес сарпталган акча каражатын өз ордуна коюу үчүн Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Тельман айылындагы балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын тамак ашы үчүн сметада каралган суммадан 2019-жылдын апрель айында туура эмес аппарат кызматкерлеринин тамак аш компенсациясы үчүн 60,0 миң сом которулган. Ошондуктан 70111 разделдин 2218 статьясынан 60,0 миң сом акча каражаты азайып, 70962 разделдин 2218 статьясы 60,0 миң сом акча каражаты көбөйтүлүп бюджетке өзгөртүү киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Бекмуратовага милдеттендирилсин.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.Арзиев. |