Редакцияот 18.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектеги XVIII сессиясы

2019-жылдын 18-ноябры № 5

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Социалдык өнүгүү министрлигинин 2018-жылдын 3-августундагы №43 буйругу менен белгиленген аймактык бөлүнүштөрү жөнүндө жобосунун негизинде Кара Суу райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Сарай айыл өкмөтүнүн келишими жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнүн Кара Суу райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен түзүлүп жаткан келишимин угуп жана талкуулап Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Сарай айыл өкмөтү келишимде көрсөтүлгөн тараптардын милдеттеринин жана укуктарынын негизинде Кара Суу райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына үч социалдык иштер боюнча адис штаттык бирдикте ыйгарым укук берилсин.

 

2. Берилген ыйгарым укуктарды кызматка кабыл алуу жана кызматтан четтетүү укугу, Сарай айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.

 

3. Келишимдин мөөнөтү 2 (эки) жылга белгиленсин. Жумуштун жүрүшүнө карап мөөнөтүн узартуу каралсын.

 

Сарай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Э.Арзиев.