САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектеги XVIII сессиясы
2019-жылдын 18-ноябры № 6
Ак Өргө айылында жаңыдан курулган 720 орундуу мектепке ысым ыйгаруу жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Ак Өргө айылында жаңыдан курулуп ишке берилген №139 мектептин дирекциясынын отурумунун протоколунун негизинде Короз Эрматовдун атын ыйгаруу максатындагы сунушту угуп жана талкуулап Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Ак Өргө айылында жаңыдан курулуп ишке берилген №139- мектепке Короз Эрматовдун аты ыйгарылсын.
2. Тийиштүү документтерин тактап бүтүрүү жана мектептин ачылышында, мектепти бүтүрүүчүлөрдүн акыркы коңгуроо майрамдарында көмөк көрсөтүү, аты ыйгарылган Короз Эрматовдун уул кыздарына милдеттендирилсин.
3. Көзөмөлгө алуу жагы Сарай айыл өкмөтүнүн администрациясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.М.Арзиев. |