САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектеги XVIII сессиясы
2019-жылдын 18-ноябры № 9
Сарай айыл өкмөтүнө кызматтык авто унаа сатып алуу жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн эскилиги жеткен “Жигули” маркасындагы кызматтык авто унаасын, көз карандысыз экспертке баалатып, сатып жана анын ордуна бюджеттен эконом болгон акча каражатынын эсебинен кызматтык жеңил авто унаа алуу жөнүндөгү Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын сунуш угуп жана талкуулап, Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн “Жигули” 07 маркасындагы жеңил авто унаа көз карандысыз экспертке коюлуп баалансын.
2. ”Жигули” 07 маркасындагы жеңил авто унаа аукциондун негизинде сатылсын.
3. Сатылган суммага бюджеттен эконом болгон акча каражаты кошулуп Сарай айыл өкмөтүнө кызматтык жеңил авто унаа сатылып алынсын.
4. Бюджеттен акча каражатын бөлүштүрүп берүү жагы Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдетендирилсин.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.М.Арзиев. |