Редакцияот 18.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектеги XVIII сессиясы

2019-жылдын 18-ноябры № 11

Тельман айылындагы көчөнүн атын коюу жөнүндө

Тельман айылынын тургуну маркум Абдиллаев Давлатбектин атын коюп берүү жөнүндөгү сунушту угуп жана талкуулап Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Тельман айылындагы аты коюла элек көчөнүн атын Тельман айылында туулуп өскөн Абдиллаев Давлатбектин аты ыйгарылсын.

 

2. Атасынын же чоң атасынын аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгөнүн аты жазылган тактайчаларды жана үйлөрдүн номерлерин илүү жагы уул-кыздарына жана неберелерине милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

Сарай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Э.Арзиев.