САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектеги XXV сессиясы
2021-жылдын 8-февралы № 4
Присавай участкасындагы №131 негизги мектепке кыска мөөнөттүү бала бакча ачуу жөнүндө
Присавай участкасынын №131 негизги мектебинин директору Б.Аманованын КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 7-сентябрындагы №03-1/4068 сандуу катынын негизинде, Присавай айылынын жашоочуларынын 2020-жылдын 12-октябрындагы жазган кайрылуусу менен таанышып, айтылган сунушту угуп жана талкуулап Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Присавай айылындагы №131 негизги мектептин 1 бөлмөсүн 3 жана 5 жаш курактагы балдарга бала бакча (3 сааттык) ачууга 2 тайпага ылайыкташтырып класс ажыратып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы №131 негизги мектептин директору Б. Амановага милдеттендирилсин.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.Арзиев. |