САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXV сессиясы
2021-жылдын 8-февралы № 5
Тельман айылындагы Жибек Жолу көчөсүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Тельман айылына караштуу жаңы чектин тургундарынын чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап Сарай айылдык кеңеши токтом кылат
1. Тельман айылындагы Жибек Жолу көчөсүнө өзгөртүү киргизип Тельман айылынын тургуну Абдикеримов Макамбайдын аты ыйгарылсын.
2. Атасынын же чоң атасынын аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгөнүн аты жазылган тактайчаларды жана үйлөрдүн номерлерин илүү жагы уул-кыздарына жана неберелерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.Арзиев. |