Редакцияот 08.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектеги XXV сессиясы

2021-жылдын 8-февралы № 7

Үлүш жерлердин контурун жылдыруу жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси С. Мамиевдин сунушун угуп жана талкуулап Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Сарай айыл өкмөтүндөгү контурдагы үлүш жерлерди башка контурдагы үлүш жерлерге жылдырууга руксат берилсин.

2. Үлүш жерлерди контурдан контурга жылдырууда мыйзамды так сактоо жер боюнча адистерге милдеттендирилсин.

 

Сарай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Э.М.Арзиев.