Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XХVI сессиясы
2016-жылдын 9-февралы № 3
Сарай айыл өкмөтүнүн Техсервис ишканасынын эки даана комбайн, жүргүнчүлөрдү ташуучу авто унаасын жана экскаваторун сатуу жөнүндө
Сарай айылдык өкмөтүнүн Техсервис ишкансынын жетекчиси Н.Эгеновдун билдирүүсү менен таанышып жана талкуулап чыгып Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн Техсервис ишканасындагы 2009-жылы жана 2011-жылдары чыгарылган эки даана Енисей үлгүсүндөгү комбайндарын, эскилиги жетишип, оңдоп түзөө иштерине бир топ акча каражатын талап кылгандыктан жана аталган комбайндар биздин адырлуу шартка туура келбегендигин эске алынып жана жүргүнчүлөрдү ташуучу авто унаасын, экскаваторун Сарай айыл өкмөтүнө кирешесинен чыгышысы көп болгондугун эске алынып сатууга коюлсун.
2. Сарай айыл өкмөтүнүн Техсервис ишканасынын Енисей үлгүсүндөгү комбайндары, жүргүнчүлөрдү ташуучу авто унаасы жана экскаваторун аукциондук негизде сатууга коюлсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык кеңешинин бюджет жана финансы комитетине жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |