Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XХVI сессиясы
2016-жылдын 9-февралы № 4
Сарай айыл өкмөтүнүн аймагына жайытка барган мал жандыктарынын бааларын бекитип берүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Г.Зулпукаровдун билдирүүсүн угуп, Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сарай айылдык кеңешинин жайытка барган мал жандыктардын баалары төмөндөгүдөй бекитилсин.
1. Кой, эчкилерге бир жылына 25 сом.
2. Кара малга бир жылына 125 сом.
3. Торпоктор бир жылына 87 сом.
4. Жылкыга бир жылына 125 сом.
2. Жайыт комитетинин төлөмдөрүн токтомдо көрсөтүлгөн суммада өз убагында чогултуу жайыт комитетинин төрагасы Г.Зулпукаровго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |