Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XХVI сессиясы
2016-жылдын 9-февралы № 6
Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын №3-бригада көчөгө барган борбордук көчөгө Шерматов Абдыкеримдин атын ыйгаруу үчүн уулу З.Шерматовдун билдирүүсүн угуп, талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын №3-бригада көчөгө барган борбордук көчөсүнө Шерматов Абдыкеримдин аты ыйгарылсын.
2. Жогорудагы Шерматов Абдыкеримдин аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгө аты жазылып тактайчаларды илүү жагы уулу З.Шерматовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тельман айлынын тургуну З.Шерматовго жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |