Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XХVI сессиясы
2016-жылдын 9-февралы № 7
Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын Саипов Өсөр көчөсүнүн башындагы жаңы чектеги көчөгө Токторов Муктардын атын ыйгаруу үчүн уулу Н.Токторовдун билдирүүсүн угуп, талкуулап, Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын Саипов Өсөр көчөсүнүн башындагы жаңы чектеги көчөгө Токторов Муктардын аты ыйгарылсын.
2. Жогорудагы Токторов Муктардын аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгө аты жазылып тактайчаларды илүү жагы уулу Н.Токторовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тельман айлынын тургуну Н.Токторовго жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |