Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XХVIII сессиясы
2016-жылдын 28-майы № 1
Сарай айыл өкмөтүнүн айылдарындагы көчөлөрүнө ат коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесинин негизинде Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Киров айылынын чыгыш жагындагы жаңы чектин көчөсүнө Токтоназаров Жуманазардын аты ыйгарылсын.
2. Тельман айылынын Тынчтык көчөсүнүн өзгөртүп Жолдошев Шералынын аты ыйгарылсын.
3. Жогорудагы аты ыйгарылган көчөлөрдү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөлөргө аты жазылып тактайчаларды илүү жагы Убрагимов Жыргалга жана Шералиев Токтого милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү айыл башчыларына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |