Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XХVIII сессиясы
2016-жылдын 28-майы № 3
Сарай айыл өкмөтүнүн Коңурат айылынын “Бал- береке” балдар бакчасынын акт жана техпаспорт даярдап берүү жөнүндө
Сарай айылдык кеңеши Бал-Береке бакчасынын сунушун угуп жана талкулап чыгып:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Коңурат айылындагы Н. Калмурзаев атындагы орто мектебинин жанындагы “Бал-Береке” балдар бакчасынын акт жана техпаспортун даярдап берилсин.
2. Коңурат айылынын Бал-Береке балдар бакчасынын акт жана техпаспортун даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук мамкаттоо башкармалыгына жана Кара-Суу райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү спорт жана жаштар боюнча жетектөөчү адиси К. Кудайкуловго жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |