Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XХVIII сессиясы
2016-жылдын 28-майы № 4
“Сарай айыл аймагындагы көзү өткөн жарандарды акыркы сапарга узатууда чоң союш сойгонго тыйуу салуу жөнүндө”
Сарай айыл кеңеши Сарай айыл өкмөтүнө караштуу мечит медреселердин имамдарынын сунушун угуп жана талкулап чыгып:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сарай айыл өкмөтүнө караштуу мечит медреселердин имамдарынын сунуштарын колдоп чоң союш союуга тыйуу салынсын.
2. Бул токтомго баш ийбеген жарандарга 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндө айып пулу салынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймактын имамдарына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |