Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XХVIII сессиясы
2016-жылдын 28-майы № 5
Сарай айыл аймагындагы жалпы футбол ойноочу аянтчаларынын иштөө убактысын бекитүү жөнүндө
Сарай айыл аймагындагы футбол ойноочу аянтчада түнкү саат 1-2лерге чейин футбол оюну болуп жаткандыгы тууралуу жергиликтүү тургундардын даттануулары боюнча арызын талкуулап чыгып Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жергиликтүү тургундардын калктын түнкү эс алуусу тууралуу даттануулары боюнча арызы канааттандырылсын.
2. Сарай айыл аймагындагы жалпы футбол ойноочу аянтчаларынын айланасындагы жашоочулардын эс алуусуна тоскоолдук жаратпастыгы үчүн күндүзгү саат 8:00дөн түнкү саат 22:00гө чейин иштөө тартиби каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы аймактык тескөөчүлөргө тапшырылсын.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |