Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XХVIII сессиясы
2016-жылдын 28-майы № 6
Сарай айыл аймагынын «Сарай Тазалык» атайын адистештирилен Муниципалдык ишканасынын акыр-чикир таштандыларды тазалоо үчүн акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөр киргизүү, штаттык бирдигин жана эмгек акыларын бекитүү жөнүндө
Сарай айыл аймагынын «Сарай Тазалык» атайын адистештирилен Муниципалдык ишканасынын акыр-чикир тазалоо үчүн Сарай айыл аймагынын тургундарынан,социалдык мекемелерден жана Тураталы базарындагы соода түйүндөрүнөн акыр-чикир таштандыларды тазалап чыгаруу үчүн 2016-жылга акы алынып кызмат көрсөтүү, штаттык бирдигин жана эмгек акыларын бекитүү боюнча сунушун(прейскурантын) талкуулап чыгып Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сарай айыл аймагынын «Сарай Тазалык» атайын адистештирилен муниципалдык ишканасынын акыр чикир тазалоо үчүн Сарай айыл аймагынын тургундарынан,социалдык мекемелерден жана Тураталы базарындагы соода түйүндөрүнөн акыр-чикир таштандыларды тазалап чыгаруу үчүн 2016-жылга акы алынып кызмат көрсөтүү боюнча эсептөөлөрү №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сарай айыл аймагынын «Сарай Тазалык» атайын адистештирилен муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги жана эмгек акылары №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Сарай айыл аймагынын «Сарай Тазалык» атайын адистештирилен муниципалдык ишканасынын жетекчисине:
- Сарай айыл аймагынын тургундары менен,социалдык мекемелердин жетекчилери жана Тураталы
базарындагы соода түйүндөрүнүн ээлери менен акыр-чикир таштандыларды тазалап чыгаруу үчүн 2016-жылга келишим түзүү;
- Сарай айыл аймагынын «Сарай Тазалык» атайын адистештирилен муниципалдык ишканасынын
аткарган жумуштары боюнча киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча ай сайын Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жана айылдык кеңештин экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына отчет берүү милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |
| Сарай айылдык кеңешинин депутаттарынын 2016-жылдын 28-майындагы кезектеги сессиясынын №6 токтомуна №1 тиркеме. |
Сарай айыл аймагынын «Сарай Тазалык» атайын адистештирилен муниципалдык ишканасынын акыр
чикир тазалоо үчүн айыл аймактын тургундарынан,социалдык мекемелерден жана Тураталы базарындагы соода түйүндөрүнөн акыр-чикир таштандыларды тазалап чыгаруу үчүн 2016-жылга акы алынып кызмат көрсөтүү боюнча эсептөөлөрү “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” КР нын мыйзамынын 31-беренесине ылайык төмөнкүдөй тартипте бекитилсин.
№ | Соода түйүндөрү | 1метр куб үчүн 1080сом | Суммасы(сом менен) |
1 | Наавайкана | 0,5 | 540 |
2 | Базар | 10,0 | 10800 |
3 | Ашкана | 1,5 | 1640 |
4 | Чачтарачкана | 0,3 | 324 |
5 | Касапкана | 0,7 | 756 |
6 | Самсакана | 0,5 | 540 |
7 | Дөкүн,чеберкана | 0,2 | 216 |
8 | Аптека | 0,1 | 108 |
|
|
|
|
|
|
|
|
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |
| Сарай айылдык кеңешинин депутаттарынын 2016-жылдын 28-майындагы кезектеги сессиясынын №6 токтомуна №2 тиркеме. |
Сарай айыл аймагынын «Сарай Тазалык» атайын адистештирилен муниципалдык
ишканасынын штаттык бирдиги жана эмгек акылары төмөнкүдөй тартипке ылайык
бекитилсин:
К № | Кызмат орду | Штаттын саны | Эмгек акы 1айга | Дарыланууга 2оклад | Жылдык эмгек акысы | Соцфондго чегерүү |
1 | Жетекчи | 1 | 10000 | 20000 | 120000 | 20700 |
2 | Башкы эсепчи | 1 | 7000 | 14000 | 84000 | 14490 |
3 | контролер | 2 | 12000 | 24000 | 144000 | 24840 |
4 | жумушчулар | 10 | 40000 | 80000 | 480000 | 82800 |
5 | күзөтчү | 1 | 5000 | 10000 | 60000 | 10350 |
6 | электрик | 1 | 3000 | 6000 | 36000 | 6210 |
8 |
|
|
|
|
|
|
| бардыгы | 16 | 77000 | 154000 | 924000 | 159390 |
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |