Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезексиз XXIX сессиясы
2016-жылдын 29-июлу № 1
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү боюнча келишим түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Кара-Суу райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн башчысы Толубаева Ширин Ражаповнанын Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү боюнча келишим түзүү жөнүндөгү сунушун талкуулап чыгып Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Кара-Суу райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө жобонун негизинде иш алып баруучу Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы менен эки тараптуу келишим түзүлсүн.
2. Түзүлгөн келишимдин негизинде айыл өкмөттүн статист адисине ыйгарым укуктарды берүү менен коюлган талаптарды, шарттарды жана милдеттерди аткаруу менен бирге ай сайын, квартал сайын отчетту берип туруу милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Абдырахмановго тапшырылсын.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |