Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезексиз XXIX сессиясы
2016-жылдын 29-июлу № 2
Жарандык абалдын актыларын каттоо мыйзамынын негизинде айрым ыйгарым укуктарды, жарандык абалдын актыларын каттоону автоматташтыруу учун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү боюнча келишим түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Кара-Суу райондук мамлекеттик ЖААК бөлүмү тарабынан келген айрым ыйгарым укуктарды, жарандык абалдын актыларын каттоону автоматташтыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү боюнча келишим түзүү жөнүндөгү сунушун талкуулап чыгып Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Кара-Суу райондук мамлекеттик ЖААК бөлүмү менен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө жобонун негизинде иш алып баруучу Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы менен эки тараптуу келишим түзүлсүн.
2. Түзүлгөн келишимдин негизинде айыл өкмөттүн адисине ыйгарым укуктарды берүү менен коюлган талаптарды, шарттарды жана милдеттерди аткаруу менен бирге ай сайын, квартал сайын отчетту берип туруу милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Абдырахмановго тапшырылсын.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |