Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезексиз XXIX сессиясы
2016-жылдын 29-июлу № 3
Сарай айыл өкмөтүнүн айылдарындагы көчөлөрүнө ат коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесинин негизинде Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Тельман айылынын эски көрүстөн жагынан батыш тарабына кетүүчү негизги көчөсүнө Эсенкулов Анарбайдын аты ыйгарылсын.
2. Эсенкулов Анарбайдын аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөлөргө аты жазылып тактайчаларды илүү жагы сунуш ээси Эсенкулов Нурлан Анарбаевичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү айыл башчыларына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |