Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезексиз XXXI сессиясы
2016-жылдын 20-октябры № 1
Сарай айыл өкмөтүнүн чарбалык китептерин кайра жүргүзүү жана мал санакты жүргүзүүгө жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы 120 даана чарбалык китептерин текшерүүнүн жыйынтыгы менен толук толтурулбаганына байланыштуу кайра жүргүзүү жана удаа келген мал санакты жүргүзүүгө жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Сарай айыл өкмөтүнүн статисти, жооптуу катчысы жана айыл башчыларынын сунушун карап, талкуулап, Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сарай айыл өкмөтүнүн чарба китептерин кайрадан толтурууга жана мал санакты жүргүзүүгө келишимдин негизинде убактылуу алынган санакчылардын ар бирине эмгек акы катарында 5000(Беш миң) сомдон жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жагы Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынан суралсын.
2. Толтурулган китептердин сапатын текшерип алуу Сарай айыл өкмөтүнүн статистине жана жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы З.Тургунбаевге жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |