Редакцияот 25.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Төлөйкөн айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз 14 сессиясы

2021-жылдын 25-марты № 14-1

“CASA-1000” жогорку чыңалуудагы электр аба чубалгыларын мамычаларын куруу үчүн жер аянттарын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

“CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 105 токтомунун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” № 145 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү убактылуу жобонун талаптарына ылайык Төлөйкөн айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

1. Төлөйкөн айыл аймагынан өтүүчү “CASA-1000” жогорку чыңалуудагы электр аба чубалгыларын мамычаларын куруу үчүн Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы мамлекеттик менчикте турган № 137, 224, 141, 146, 148, 188, 615, 778, 780,784, 786, 787, 606, 519, 508, 488, 496, 422, контурларындагы 9811,0 м.кв. жайыт жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы З.К.Мазаевге тапшырылсын.

 

Төлөйкөн айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

 К. Турдиев