КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) үчүнчү сессиясы
2021-жылдын 5-июну № 3-2
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2023-2024-жылдарга болжолу боюнча коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2023-2024-жылдарга болжолу боюнча коомдук угууларды өткөрүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап, айтылган пикирлерди жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 79 жана 127-беренелерине ылайык Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2022- жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2023-2024-жылдарга болжолу боюнча коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын (тиркеме тиркелет).
2. Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттары жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда жана кабыл алууда активдүү катышууга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Женишбай уулу Э. |
| Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2021-жылдын 05-июнундагы № 3-2 токтомуна тиркеме |
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө мекеме-ишканаларынын, аппарат
кызматкерлеринин, коомдук уюмдардын жана дыйкан чарба мүчөлөрүнүн
катышуусунда өткөрүлгөн жалпы чогулушунун протоколу
«02»_июну_ 2021-жыл | Көтөрмө айылы |
Катышкандар: Айыл өкмөтүнүн башчысы М. Эшполотов, Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, аппарат кызматкерлери, коомдук уюмдар, дыйкан чарба мүчөлөрү, жалпысы 182 адам катышты. Анын ичинен аялдар-92 51% түзөт.
Күн тартибинде: Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү
бюджетинин долбоору жана 2023-2024-жылдарга болжолу боюнча
коомдук бюджеттик угуулар жөнүндө
Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, коомдук угууларды өткөрүү боюнча жумушчу топтун төрагасы М. Асанов маалымат берди. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 79 жана 127-беренелерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2019-жылдын 17-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджеттер боюнча коомдук угууларды өткөрүү боюнча методикалык колдонмосун бекитүү тууралуу № 44-буйругуна негиз тапшырма берилген.
Коомдук угуулар боюнча жумушчу топ түзүлүп, коомдук угуулар боюнча календарлык план кабыл алынды. Кабыл алынган иш пландын негизинде Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2023-2024-жылдарга болжолу боюнча жумушчу топ тарабынан даярдалып чыгылган. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун даярдоодо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бардык ресурстары эсепке алынып Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга кабыл алынган социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышын камсыз кылат. Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ тарабынан календарлык иш пландын негизинде айыл өкмөтүнүн бардык аймактарында бюджет боюнча коомдук угуу өткөрүү тууралуу материалдар, кулактандыруулар илинип, калктын калың катмарына жеткирилген.
Коомдук бюджеттик угуулардын максаты жана милдеттери тууралуу айтып өтөйүн. Коомдук бюджеттик угуулардын негизги максаты жарандардын бюджеттик процесске катышуусун камсыз кылууну, бюджетти түзүүдө коомдук пикирди изилдөөнү кошкондо жана анын эсепке алынышын камсыз кылуу , жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын бөлүштүрүлүшүнө жана колдонулушуна коомдук мониторингди күчөтүү. Коомдук бюджеттик угуулардын милдеттерине калкты жана башка кызыкдар адамдарды бюджет жөнүндө маалымат менен тааныштыруу, калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн бюджет боюнча сунуштарды эске алуу, эскертүүлөрдү топтоо болуп саналат. Бүгүнкү жалпы жыйналышта сиздердин жергиликтүү бюджет боюнча сунуштарыңызды угуп, 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбооруна жана 2023-2024-жылдардын болжолуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип, айылдык кеңештин сессиясына сунушталат.
Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча сөз айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу К. Амановго берилди жана айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбооруна жана 2023-2024-жылдарга болжолу боюнча көрсөтмөлүк куралдар жардамында презентация жасады. Айыл өкмөтүнүн бардык кирешелери жана чыгашалары боюнча толук маалымат берилди.
Айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешеси жана чыгашасы боюнча коомдук угууда түшкөн сунуштар:
1. Женишбай уулу Э. Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасы.
Сунуш- Жеке ишкерлерден түшүп жаткан акча каражаттардын (патенттин негизинде алынуучу салык) жылдан жылга көлөмүн көбөйтүүнү, малчылардан, комбайн жана башка айыл чарба техникаларын иштетип жаткандардын эсебинен камсыз кылуу керек.
2. Ш. Аттокурова- Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча башкы адис. Сунуш- жергиликтүү бюджеттен балдар бакчасындагы балдардын тамак-ашына бөлүнгөн сумманы дагы көбөйтсө болобу?
3. А. Омурзакова- Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 6-7-чакырылышынын депутаты. Сунуш- үстүбүздөгү жылдар оор болуп жатат, ошондуктан медицина кызматкерлерине ыңгайлуу шарт түзөйлү. Менин сунушум тез жардам машиналардын санын жана сапатын жакшыртып берсек.
4. М. Маматов- аксакалдар сотунун төрагасы.
Сунуш- жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча муниципалдык менчиктеги ресурстарды да пайдаланууну жолго коюу зарыл.
5. Т. Садирова- аялдар кеңешинин төрайымы.
Сунуш- айыл өкмөтүнө түшүп жаткан кирешелердин көпчүлүгү соцтармактарга карата жумшалса.
6. Г. Каримова- Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаты. Сунуш- жергиликтүү бюджеттен алдыңкы орундарды камсыз кылган мугалимдер жамааттын сыйлоого, окуучуларга кызыктыруучу сыйлыктарды да уюштуруп койсок.
7. Ж. Борубаев- Ак-Булак айылынын тургуну.
Сунуш- кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен алынып жаткан аренда акыны жердин балл бонитетине гана карабастан, сугат суунун жетишине да карап өзгөртүү керек.
8. Н. Садирова- Кара-Кой айылынын тургуну.
Сунуш- айыл өкмөттүн борбордук көчөлөрүнүн тратуарларын чыгарып, жашоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуулук түзүлсө.
9. Г. Баатырова- Ак-Булак айылынын тургуну.
Сунуш- айыл аймагындагы борбордук көчөлөрүндө жарыктандыруу менен камсыздалган, жаңы түшкөн көчөлөргө да жарыктандырууну уюштурсак.
10. З. Камбаров- Ак-Булак айылынын айыл башчысы.
Сунуш- жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетин да айыл өкмөттүн бюджетине кошуп койсо болобу? Айтайын дегеним бухгалтеринин ишин ФЭБ башчы аткара беришет.
11. К. Ашимова- Кыргыз-Ата айылынын тургуну, “Жылдызча Нур” балдар бакчасынын жетекчиси.
Сунуш- айыл өкмөттүн көчөлөрү эң жакшы, сапаттуу асфальталды, айдоочуларга жакшы шарт түзүлдү. Бирок, жол жээгинде жашоочулар, мектептер, балдар бакчалары, магазиндер ж.б. жайгашкан. Ошондуктан, жергиликтүү бюджеттен бөлүп же башка булактарын табасыздарбы, жолго машинанын ылдамдыгын төмөндөтүүчү белгилерди коюп беригиле.
Коомдук бюджеттик угуулардан түшкөн сунуштар жазуу жүзүндө жумушчу топко тапшырылсын.
Жалпы жыйын күн тартибиндеги маселени карап чыгып айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга кабыл алынган социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышын камсыз кылуу максатында
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2023-2024-жылдарга болжолу боюнча коомдук бюджеттик угууларда даярдалган жыйынтыктоочу документтер айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө:
- 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2023-2024-жылдарга болжолу боюнча коомдук бюджеттик угуулардагы чечимин бекитип берүү жагын айылдык кеңешине сунуштасын.
3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Жалпы жыйындын төрагасы | М. Эшполотов |
Катчысы | Ж. Нурматов |
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин жооптуу катчысы |
К. Заирова |