КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) бешинчи сессиясы
2021-жылдын 11-сентябры № 5-1
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы мектептердин, балдар бакчаларынын кышка карата даярдыгынын абалы жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл аймагындагы мектептердин, балдар бакчаларыны кышка карата даярдыгынын абалы жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы мектептердин, балдар бакчаларынын кышка карата даярдыгы боюнча түзүлгөн штабдын маалыматы жакшы деп табылсын (тиркеме тиркелет).
2. Айыл аймагындагы мектептердин, балдар бакчаларынын жылытуучу мештеринин үзгүлтүксүз иштешин көмүр менен камсыз кылуу жана көзөмөлдөө айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Женишбай уулу Э. |
| Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектеги бешинчи сессиясынын 2021-жылдын 11-сентябрындагы № 5-1 токтомуна тиркеме |
Кыргыз-Ата айылдык аймагынын мекеме ишканаларын жана калкын 2021-2022 жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыгы
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 04-май № 100-б буйругунун негизинде Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө 2021-жылдын 14-майында № 100-буйрук иштелип чыгып, анда кышка даярдык көрүү боюнча 9 кишиден штаб курамы түзүлгөн. Социалдык обьектилерге керектелүүчү электр энергиясы 1041,9 миң квт жана 229,0 т көмүр отуну боюнча лимит бөлүнүп берилген. Анын ичинен БК 125,0 тонна мектептерге, 104 тонна балдар бакчаларына тендерге жарыя берилип ОсОО “Оомат-Кен ЛТД” 856850 сомго утуп, жеңүүчү болуп аныкталды. Көмүрдүн баасы 1 тоннасы 3742 сомго туура келди. Көмүр үчүн 1000000 сом акча каралып, 229 тонна көмүр 856850 сомго тендерден утуп алыгнды жана 143150 сом бюджеттин пайдасына эконом болду. Бирок К. Каримов атындагы орто мектепте ноябрь айында окуу башталып калса ал мектепке 30 тонна көмүр алып берүүбүз керек. Сентябрь айынан баштап ар бир мектеп, балдар бакчасына көмүрлөрү түшүрүлүп берилет. Бүгүнкү күнгө С. Токторов атындагы орто мектепке 30,0 тонна жана “Көтөрмө-Нур” балдар бакчасына 9,0 тонна көмүр түшүрүлдү. Чоң-Кыштоо башталгыч мектебине 10 т, Борко лицейи 15 т, А. Парпиев мектеп гимназияга 40 т, “Курак-Тектир” орто мектебине 15 т, С.Токторов атындагы орто мектебине 43 т, Ак-Булак гуманитардык гимназиясына 7 т, Кызгалдак-Ак-Булак балдар бакчасына 15 т, Көтөрмө-Нур балдар бакчасына 12 т, Бөпөмай балдар бакчасына 8 т, Акылай-Куту балдар бакчасына 10 т, Мераж-Нуру балдар бакчасына 10 т, К. Коконбаев балдар бакчасына 12 т, Жылдызча-Нур балдар бакчасына 26 т, Э. Маманов балдар бакчасына 11 тонна. Штаб мүчөлөрү жана айылдык кеңештин депутаттары менен биргеликте айыл аймагындагы жалпы социалдык обьектилер текшерилип, күз-кыш айларына карата зарыл болгон запастык бөлүктөр аныкталып сатып алуу порталына жарыяланды.
Ошондой эле туруктуу комиссияда мектеп жана балдар бакча директорлору менен биргеликте талкуу жүргүздүк. Ар бир мектеп, балдар бакчаларына жазылган запастык бөлүктөр 2021-жылдын 15-сентябрына чейин алынып келинип орнотулат. Запастык бөлүктөр үчүн айыл өкмөттөн 470,0 миң сом каралган. Комиссия менен керектүү запастык бөлүктөрдү эсептеп чыкканда 360775 сом запастык бөлүктөргө тендер жарыяланган. ОсОО Эмир Холдинг катышып Чороев Эрнис 340935 сомго жеңүүчү болуп аныкталды. Ошондо кышка даярдык боюнча экономия 129065 сомду түздү. Бул акча соцобьектилердин авариялык абалда тез аткарууга керек болгон учурларда иштетилет. Иштетилбей калган учурда 2022-жылдын бюджетине кошулат.
Кышка даярдыкта электр чубалгыларына тоскоол болгон бак-дарактарды кыюу боюнча 2021-жылдын 23-августунда айыл өкмөтүнүн № 155 буйругу чыгып, 10-сентябрга чейин мөөнөт коюлуп, 2-сентябрдан Борко фидеринде тоскоолдук кылган дарактарды кесүү башталды.
Катчы | К. Заирова |