КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) бешинчи сессиясы
2021-жылдын 11-сентябры № 5-3
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн соцкызматкеринин иш-пландарынын аткарылышы боюнча отчётун угуу жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн соцкызматкеринин иш-пландарынын аткарылышы боюнча маалыматтарды угуу жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн соцкызматкеринин иш-пландарынын аткарылышы боюнча берген маалыматы жакшы деп табылсын (тиркеме тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Женишбай уулу Э. |
| Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектеги бешинчи сессиясынын 2021-жылдын 11-сентябрындагы № 5-3 токтомуна тиркеме |
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы социалдык тармакта 2021-жылдын 8 айында аткарылган иштер тууралуу маалымат.
Билим берүү | 01.09.2021-ж.карата |
Кыргыз-Ата айыл аймагында Э.Абдраимов атындагы №54-Кесиптик лицейи, Т.Жамалов атындагы балдар музыкалык мектеби, 5 орто мектеп, 2 гимназия, 1 лицей, 1 башталгыч мектеп жайгашкан.
Э.Абдраимов атындагы №54- Кесиптик лицейде райондун аймагынан жана коңшулаш райондордон окуучулар келип окуп жатышат. 2020-2021-окуу жылында 238 окуучу бюджеттик тайпаларда билим алышып, 91 окуучу бүтүп чыгышты. Кесипке кайра даярдоочу кыска мөөнөттүү курстарда 5 адистик боюнча 140 окуучу бүтүп чыкты.
Т.Жамалов атындагы балдар музыкалык мектебинде 7 бөлүм бар, 20 мугалим эмгектенет жана 95 окуучу билим алды. Өткөн окуу жылында 26 окуучу бүтүрдү. “Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам” аттуу Республикалык кароо-сынакка 7 окуучу катышып, алардын ичинен экөө дипломдор менен сыйланышты. Белгилеп айта кетсек, балдар музыкалык мектебинин мугалимдер жамааты жана окуучулары айыл аймагындагы жана райондук ар кандай майрамдык иш-чараларга активдүү катышышат.
Айыл аймагындагы жалпы билим берүүчү мектептерде 2020-2021-окуу жылында 309 мугалим 3896 окуучуга билим-тарбия беришти. Алардын ичинен 276 окуучу 9-классты, 196 окуучу 11-классты бүтүрүштү. 11-класстын 151 бүтүрүүчүсү Жалпы республикалык тестирлөөгө катышышты, анын ичинен 102 окуучу (67,5%) 110дон жогору балл алышты. Айыл аймагы боюнча эң жогорку балл 214 (А.Парпиев ат.мект.-гимн.), орточо балл 140 (эң жогорку орточо балл А.Парпиев ат.мект.-гимн. 151) болду.
Жылдагыдан өзгөчөлөнүп, бул жылы 5 бүтүрүүчү “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын алышты, алар - А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын 3, К.Каримов атындагы орто мектебинин 1, Борко лицейинин 1 бүтүрүүчүлөрү. Айыл өкмөтүнүн 28.06.2021-жылдагы №115 буйругу менен 5 Алтын тамга артыкчылык аттестатына татыктуу болгон жана ЖРТдан 190 дон жогору балл алган 5 бүтүрүүчүлөр айыл өкмөтүнүн Ардак Грамотасы менен сыйланышты.
Жалпы билим берүүчү мектептерде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 37 окуучу билим алышты, алардын ичинен 9 окуучу үйүндө окуду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” №1 Жарлыгынын негизинде өткөрүлгөн райондук “Атам, апам жана мен-дени сак үй-бүлөбүз” аттуу кароо-сынакка Борко айылынын тургуну, К.Каримов атындагы орто мектебинин мугалими Бөрүбаева Назгүл Имаралиевна үй-бүлөсү менен катышып, биринчи орунду камсыз кылып, райондук мамлекеттик администрациянын баалуу белеги жана Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Ардак Грамотасы, акчалай сыйлыгы менен сыйланды. Бул үй-бүлөнү кароо-сынакка даярдоодо жакындан жардам берген К.Каримов атындагы орто мектебинин жетекчилигинин эмгегин белгилеп кетемин.
Балдар бакчалары.
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы 8 балдар бакчасында 131 кызматкер эмгектенип, 566 бала тарбияланууда.
Аялуу катмар.
Айыл аймагында 2021-жылы 14 жалгыз бой кары-картаңдар каттоого алынган. 614 адам ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген а.и. 16 бала ДЦП, 18 жашка чейинки ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 148 бала бар, жалгыз бой энелердин балдарынын саны - 20.
9 адам ВИЧ-СПИД илдетине, 22 адам кургак учук илдетине чалдыккандар.
7 бала тоголок жетим, 231 жарым жетим бала бар, 172 бала ажырашкан үй-бүлөнүн балдары болуп эсептелет.
Атасы өткөн жарым жетим балдарды материалдык жактан колдоо максатында ар кандай кайрымдуулук уюмдары менен көп жылдан бери иштешип келе жатабыз.
Эң көйгөйлүү маселе – бул мигранттардын балдары. 102 баланын ата-энеси экөө тең, 290 баланын ата-энесинин бирөөсү ички жана сырткы миграцияга кетип, балдар чоң ата, чоң эне, таята, таене ж.б.туугандарынын колунда калган. Көп жылдык байкоолорго таянсак, эч ким баланын өз ата-энесинин ордун баса албайт.
Күбөлүгү жок 4 бала калды, бардыгы Ак-Булак айылынан.
Көтөрмө айылынан апасынын өздүгүн тастыктоочу эч кандай документи жок аялдын 3 баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алынып берилди.
Турмуштук оор кырдаалга кабылган 16 үй-бүлө (35 бала) аныкталып, алардын үчөөнө 18.0 миң сом жардам берилди, калганына 4-кварталда колдоо көрсөтүлөт.
Балдар менен иштөөдө ЖӨИнин инспектору Ж.Кудайбердиев, мектептердин соцпедагогдору менен бирге тыгыз иш алып баруудабыз. Учурдан пайдаланып, С.Токторов атындагы орто мектебинин соцпедагогу Паизова Миргүлдүн, К.Каримов атындагы орто мектебинин соцпедагогу Ирисбаева Канзаданын алгылыктуу иштерин белгилеп кетемин.
2021-жыл үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон жарандарга, карыяларга 300,0 миң сом каралган. 1-2-кварталда 180,0 миң сом акча каражаты смета боюнча максаттуу жумшалды.
Согуштун катышуучуларынын 3 жесири жана 34 ооруктун ардагерлерине (баары 88 жаштан жогору) Жеңиштин 76 жылдыгына карата жергиликтүү бюджеттен 26.0 миң сомдук азык-түлүк берилди. Кыргыз-Ата айыл аймагында бүгүнкү күндө 80 жаштан өткөн 161 карыя бар, алардын ичинен 100 жаштан өткөн 3 адам, 90 жаштан өткөн 28 адам.
Айыл аймагы боюнча жалпысы 2214 пенсионер бар, анын ичинен 147 багуучусун жоготкон ( 231 бала), 1627 курагы боюнча, 440 майыптыгы боюнча пенсионерлер.
Айыл аймагында азыркы күндө “Баатыр Энелердин” саны 274, анын ичинен пенсия жашындагылар 238, пенсия жашына жете элек жаш “Баатыр Энелер” 36, алардан мамлекеттик жөлөк пул алуучулар 30 үй-бүлө.
“Эне Даңкы” медалын алган энелер 15.
Ал эми “Баатыр Энелердин” пенсиясына ай сайын 1000 сомдон кошулуп төлөнөт, мамлекеттик ооруканаларда, самолет жана автоунааларга түшкөндө кезек күтпөй жана төлөнүүчү суммасынан жеңилдик бар.
Айыл аймагы боюнча “Үй-бүлөгө көмөк” пул алуучу үй-бүлөлөрдүн саны 608 , 2046 бала айына 1млн.657 миң 260 сом болот.
Жалпысы 3418 кожолук бар, мамлекеттик жөлөк пул алуучу үй-бүлөлөр 17.8%. 17 жашка чейинки бала саны 7221, анын ичинен 28.3%ы жөлөк пул алат.
Катчы | К. Заирова |