Редакцияот 11.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) бешинчи сессиясы

2021-жылдын 11-сентябры № 5-4

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Ак-Булак айылынын тургуну, Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин 6 чакырылышынын депутаты Токторов Алмазбек Сатиевичке Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “ Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Ак-Булак айылынын тургуну, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6 чакырылышынын депутаты Токторов Алмазбек Сатиевичке Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

 

токтом кылат:

 

1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Ак-Булак айылынын тургуну, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6 чакырылышынын депутаты Токторов Алмазбек Сатиевичке Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “ Ардактуу атуулу” наамы сунушталсын (тиркеме тиркелет)

 

2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Ак-Булак айылынын тургуну, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6 чакырылышынын депутаты Токторов Алмазбек Сатиевичке Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “ Ардактуу атуулу” наамын берүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Женишбай уулу Э.

 

 

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектеги бешинчи сессиясынын 2021-жылдын 11-сентябрындагы № 5-4 токтомуна тиркеме

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булак айылынын жалпы чогулушунун

ПРОТОКОЛУ

Ак-Булак айылы

03.09.2021-жыл

Катышкандар-38 адам.

Ак-Булак айылынын айыл башчысы З.Камбаров, Ак-Булак айылынын клуб башчысы Р. Жумабаев, Ак-Булак айылдык депутаттар Дуйшоев Б., Омурзакова А., Маматалиева А., Бабакулов Н., Ак-Булак айылынын жамаат башчысы М. Карыбеков, айыл аксакалы Б. Жотоев жана айыл жашоочулары.

Күн тартибинде:

1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Ак-Булак айылынын тургуну, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6 чакырылышынын депутаты Токторов Алмазбек Сатиевичке Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “ Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө

 

Сөзгө чыккан айыл башчы З.Камбаров төмөнкүлөргө токтолду: Урматтуу тургундар, баарыбызга белгилүү болгондой өз айылдашыбыз, замандашыбыз Токторов Алмазбек Сатиевичти Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө сунуш кылам.

Кийинки сөзгө чыккан айылдын аксакалы Жотоев Балта ажы авабыз чыгып төмөнкүдөй сөздөрүн айтып өттү. Туура, сунуш туура берилип жатат. Эмгеги абдан чоң. Биздин айылыбыздын да эң ардактуу атуулдарынын бири болуп калат. Эмгеги кийинки муундарга өрнөк болуп кала турган адам. Мен ойлоймун бул сунушка эч ким каршы болбосо керек.

Андан кийинки сөзгө чыккан айылыбыздын депутаты Дуйшоев Бектур. Мен Ак-Булак айылынын депутатарынын атынан бир сунуш менен сиздерге кайрылууну туура көрдүм. Ал сунуш КР нын Жогорку кеңешинин 6 чакырылышынын депутаты Токторов Алмазбек Сатиевичти “Кыргыз-Ата айыл аймагынын ардактуу атуулу” деген наам менен сыйлоо жөнүндө.

Буга чейин биздин аймагыбызда мындай сыйлык ээлери барбы, жокбу билбейм, бирок элибизге ак кызмат кылып келе жаткан таттыктуу чет жакта иштеп жүргөн, өлкөбүздүн ичинде түрдүү тармакта иштеп жүргөн инсандарыбыз көп. Мындан кийин жогорудагыдай наам дейбизби, сыйлык дейбизби татыктуу жарандарыбызды сыйлоону биз баштап берсек ашыкча болбосо керек деп ойлойм.

Ал эми Алмаз Сатиевич көпчүлүгүңүздөр билгендей өзүнүн ишмердүүлүгүндө районубуздун элине, анын ичинде биздин Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө көптөгөн жакшы иштерди жасап келүүдө.

Төмөндө бул инсандын өмүр баяны жана аткарган иштеринин айрымдарын сиздерге тааныштырып кетейин. Ошондой эле бул сунушумду бүгүнкү күнү каралуучу маселелердин катарына күн тартибине киргизип колдоп берүүңүздөрдү өтүнөм.

Токторов Алмазбек Сатиевич 1966-жылдын 5-июлунда Ош облусундагы Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Ак-Булак айылында туулган.

Токторов Алмазбек атасы райондук ооруканада иштегендиктен 1973 – 1983-жылдары Ноокат районунун Н.К.Крупская орто мектебинде окуган.

1983 – 1988-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда окуган.

1988 – 1990-жылдары Ош облусунун Аптека башкармачылыгынын провизор-аналитиги болуп иштеген.

1990 – 1991-жылдары Ош шаарынын №311 аптекасынын башчысынын орун басары болгон.

1991 – 1992-жылдары Ош областтар аралык Аптека базасынын начальнигинин орун басары кызматында турган.

1992 – 1994-жылдары "Ак-Пейил" ишканасынын директору болгон.

1996 – 2016-жылдары "Ош-Фарм-КА" акционердик коомунун директору болуп иштеген.

2010 – 2014-жылдары Кыргыз Республикаснын "МеТА" долбоорунун теңтөрагасы кызматын аркалаган.

2016-жылы "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кенештин депутаты болуп шайланган. Социалдык маселелер,билим берүү,илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комиттетин төрагасынын орун басары. Алган сыйлыктары:

1996-жылы " КР саламаттыкты сактоонун отличниги" төш белгиси,

2017-жылы "КМШ ПА -25-жыл" маарекелик медалы менен сыйланган.

2018-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен "Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоосуна эмгек синирген кызматкери" деген ардактуу наам ыйгарылган.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Парламенттер Аралык Ассамблеясынын 2018-жылдын 11-ноябрындагы токтомуна ылайык, аталган уюмдун «СОДРУЖЕСТВО» ордени менен сыйланган. Үй- бүлөлүү, үч баланын атасы.

Депутаттык ишмердүүлүгүндө аткарган, салым кошкон иш аракеттеринин айрымдарын айтып кетсек:

1) Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү 4 айылдын таза суу долбоорунун ишке ашышына активдуу иш аракеттерин көрсөттү жана анын сапаттуу бүтүшүнө жергиликтүү кеңештин депутаттары менен тыгыз байланышта болду.

2) Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Ак-Булак айылынын С.Токторов мектебинин жаңы имаратынын тез бүтүшүнө мандат алган күндөн баштап жеке көзөмөлүнө алып себепкер боло алды. Учурда окуучулар жаңы имаратта окушууда.

3) Көтөрмө-Ак-Булак-Кыргыз-Ата айланма жолуна асфальт төшөөдө АРИСтин жетекчилигин айыл өкмөтүнө алып келип эл менен жолуктуруп аракет жасап көзөмөлүнө алды эле көп жылдан бери жасалбай келген жолубузга асфальт төшөлүп элибизге жол менен каттоого ынгайлуу шарт түзүлдү.

4) Районубуздагы анын ичинде биздин айыл өкмөттөгү мектептерге спорттук инвентарлар, китептер, компьютердик жабдууларды алып берди.

5) Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу жүрөгүнө же башка органдарына оор операция жасалуучу жарандарыбызга,бөйрөгүнөн жабыркап акча төлөп гемодиялиз алуучуларга, жаңы конуштарга электр мамычаларын чубалгылары менен камсыздоого жакындан жардам көрсөтүп келе жатат.

6) Районубузда анын ичинде биздин өкмөттөгү билим берүү тармагында эмгектенген жана саламатттыкты сактоо тармагында көп жылдан бери жакшы иштеп эмгеги бааланбай мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлбөй келген жарандарыбызга министирлик менен тыгыз иштешип жакындан жардам көрсөтүп келүүдө.

7) Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Борко айылындагы Келдибек Каримов мектебинин жаңы курулуп жаткан имараты Сауд фондуна кирип мектептин курулушу башталгыча 4 жыл бою аракетин жумшады. Учурда мектеп бүтүп ачылаар алдында турушуна өзүңүздөр күбөсүздөр. Мындан сырткары дагы аткарган демилгечи,себепчи болгон иштери районубузда, айылдарыбызда абдан көп.

Айыл башчыбыз Камбаров Заирбек күн тартибиндеги маселени айыл өкмөттүн депутаттардын сессиясына сунуштоону айтып өттү.

Жогорудагыларды угуп жана талкуулап жалпы чогулуш чечим кылат:

1. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылынын тургуну, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6 чакырылышынын депутаты Токторов Алмазбек Сатиевичке Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “ Ардактуу атуулу” наамы берилсин.

 

2. Ушул чечимди бекитип берүү жагы Кыргыз-Ата айылдык кеңешинен суралсын.

 

Чогулуштун төрагасы

З. Камбаров

 

Катчысы

Б. Дуйшоев

 

Кыргыз-Ата

айылдык кеңешинин

 жооптуу катчысы

 

 

К. Заирова