Редакцияот 11.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) биринчи сессиясы

2021-жылдын 11-майы № 1-3

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасын жана орун басарын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын № 1 токтомун бекитүү жөнүндө

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасын жана орун басарын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын № 1 токтомун бекитүү жөнүндөгү маселени депутаттар карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 37-статьясына негиз депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

 

токтом кылат :

 

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасын жана орун басарын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын № 1 токтому бекитилсин (тиркелет).

 

Кыргыз-Ата

айылдык кеңешинин

сессиясын алып баруучу

 

 

А. Бабакулова

 

 

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2021-  жылдын 11- майындагы  № 1-3 токтомуна тиркеме

 

Ноокат районундагы  Кыргыз-Ата айылдык  кенешинин (жетинчи шайланган) биринчи сессиясынын эсептөө комиссиясы

 

ТОКТОМ

 

Көтөрмө  айылы

№ 1

11-май  2021-жыл

 

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин эсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндө” Мыйзамынын 37-статьясынын 5-6- пунктына негиз депутаттардын  Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин эсептөө комиссиясы

 

токтом кылат :

 

1. Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин эсептөө комиссиясынын төрайымы болуп  Азимбаева Фаридахан  шайлансын.

 

2. Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин эсептөө комиссиясынын катчысы болуп Абдикеримов Марсель  шайлансын.

 

Кыргыз-Ата айылдык

кеңешинин жооптуу катчысы

 

 Ж. Нурматов