Редакцияот 22.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) экинчи сессиясы

2021-жылдын 22-майы № 2-2

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2021-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2021-жылга карата иш планын түзүү боюнча маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

 

токтом кылат

 

1. Кыргыз-Ата айыл кеңешинин 2021-жылга карата түзүлгөн иш-планы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин (тиркелет).

 

2. Иш пландын өз убагында жана толук аткарылышын көзөмөлгө алып туруу Кыргыз-Ата айылдык кенешинин катчысы Ж. Нурматовго тапшырылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада салттар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кыргыз-Ата айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 Жеңишбай уулу Э.

 

 

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектеги экинчи сессиясынын 2021-жылдын 22-майындагы № 2-2 токтомуна тиркеме

 

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2021-жылга иш планы

№

Аткарылуучу иштердин мазмууну

Аткаруу

мөөнөтү

Ким аткарат

Эскертүү

1

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасын жана орун басарын шайлоо

май 2021-жыл

Ноокат АШК, Кыргыз-Ата айылдык кенешинин жооптуу катчысы Ж.Нурматов

 

2

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2021-жылга иш планын бекитүү

май 2021-жыл

Кыргыз-Ата айылдык кенешинин жооптуу катчысы Ж.Нурматов

 

3

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын бекитүү

май 2021-жыл

Айылдык кеңештин депутаттары, Кыргыз-Ата айылдык кенешинин жооптуу катчысы Ж.Нурматов

 

4

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы “Кызыр-Ата” СПА сынын аткарып жаткан иштери боюнча отчету жөнүндө

июнь

2021-жыл

“Кызыр-Ата” СПА сынын директору, айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы

 

5

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткарып жаткан иштери боюнча отчету жана бюджетин бекитүү жөнүндө

июнь 2021-жыл

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмеси, туруктуу комиссия

 

6

Айыл аймагындагы айылдардагы көрктөндүрүү иштеринин жүргүзүлүшү, айылдын көчөлөрүн, арыктарын тазалоонун абалы жана ишебиликтерди өткөрүү жөнүндө

июнь

2021-жыль

Айыл аймагынын айыл башчылары, айылдык кеңештин депутаттары, мектеп директорлору, №10, 23, 26, /БДТ, коомдук уюмдар

 

7

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги, бош орундарга конкурстардын өткөрүлүшү боюнча маалыматы жөнүндө

июнь

2021-жыль

Айыл өкмөтүнүн башчысы, ФЭБ башчысы Р. Коконбаев, Кыргыз-Ата айылдык кенешинин жооптуу катчысы Ж.Нурматов

 

8

Кыргыз-Ата айыл кеңешинин аксакалдар сотунун, аялдар кеңешинин, социалдык бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери боюнча маалыматтарды угуу. Мамлекеттик жөлөк пул, пенсия, пособия жана соц. жардамдардын берилиши тууралуу

июль

2021-жыл

Аксакалдар сотунун төрагасы С. Маматов, аялдар кеңешинин төрайымы Т. Садирова, соцкызматкер Ш. Аттокурова

 

9

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жана тендердик комиссиясынын кварталдык отчетун угуу жөнүндө

июль

2021-жыл

Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р. Коконбаев, тендердик комиссиялардын төрагалары

 

10

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын иш-планынын алты айлык аткарылышы боюнча отчетун угуу жөнүндө

июль

2021-жыл

Айыл өкмөтүнүн башчысы, ФЭБ башчысы Р. Коконбаев, орун басары М. Асанов

 

11

Кыргыз-Ата айыл кеңешинин аймагындагы РИИБнин участкалык инспекторунун (ИДН) I жарым жылдыктагы кылмыштуулуктун абалы боюнча маалыматын угуу

июль

2021-жыл

Аймактык тескөөчүлөр

 

12

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы мектептердин 2021-2022-окуу жылына карата даярдыгы, ремонту жана кышка даярдыгынын абалы жөнүндө маалымат

август

2021-жыл

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М. Асанов, мектеп директорлору, соцкызматкер Ш. Аттокурова, айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы

 

13

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин аткарып жаткан иштеринин отчетун угуу жөнүндө

август

2021-жыл

Айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлери, Өмүрзакова Айнур

 

14

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн соцкызматкерлеринин иш-пландарынын аткарылышы боюнча отчетун угуу жөнүндө

август

2021-жыл

Айыл өкмөтүнүн соцкызматкер Ш. Аттокурова

 

15

Айыл аймагындагы элдин малдарынын эпизоотиялы абалы тууралуу вет адистин маалыматын угуу

сентябрь

2021-жыл

Вет.адис Ы. Абидинов, айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы

 

16

Аскердик кызматка чакыруу, паспорт, миграция жана жумушсуздуктун абалы жөнүндө маалыматтарды угуу

сентябрь

2021-жыл

ВУС башчысы Б.Азимкулов, миграция жана жумушсуздук боюнча адис

 

17

Кыргыз-Ата айылдык аймагындагы суу пайдалануучулар асоссациясынын аткарган иштери боюнча маалыматты угуу, суу агуучу канал, арыктардын абалы, түзүлгөн иш пландары жөнүндө

октябрь

2021-жыл

СПАнын директору Б. Каримов айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы

 

18

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча аткарылган иштеринин отчетун угуу жөнүндө

октябрь

2021-жыл

Жаштар, маданият, спорт жана туризм боюнча жетектөөчү адиси Ташбалта уулу Алтынбек

 

19

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлеринин отчетун угуу жөнүндө

ноябрь

2021-жыл

Салык кызматкерлери, Ага салыкчы Аманов К.

 

20

“Кыргыз-Ата Булагы” муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери боюнча отчетун угуу

ноябрь

2021-жыл

“Кыргыз-Ата Булагы” муниципалдык ишканасынын

 

21

Кыргыз-Ата айыл кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2021-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматтарын угуу

декабрь

2021-жыл

Айыл кеңешинин туруктуу комиссияларынын башчылары

 

22

Айыл аймагындагы калкка медициналык жактан кызмат көрсөтүүдөгү абалы боюнча № 10,23, 26 /ДТнын клиникалык жетекчилеринин отчеттору

декабрь

2021-жыл

№10, 23, 26 /ДТ нын жетекчилери, социалдык башкы адис Ш. Аттокурова, айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы

 

23

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджеттин аткарылышы 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө

декабрь

2021-жыл

Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р. Коконбаев айыл кеңешинин туруктуу комиссиясы

 

 

Айылдык кеңешинин практикалык иш-чаралары

1

Депутаттардын, айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерине практикалык жардам көрсөтүү

дайыма

Айыл кеңештин туруктуу комиссиясы, Кыргыз-Ата айылдык кенешинин жооптуу катчысы Ж. Нурматов

 

2

Айыл кеңешинин алдында түзүлгөн коомдук уюмдардын иштерине усулдук практикалык жардам көрсөтүү

квартал сайын

Айыл кеңештин туруктуу комиссиясы, Кыргыз-Ата айылдык кенешинин жооптуу катчысы Ж. Нурматов

 

3

Туруктуу комиссиялардын заседанияларын өткөрүүгө көмөктөшүү

дайыма

Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери

 

4

Депутаттардын отчетторун угуп туруу

Ар алты айда

Айыл кеңештин депутаттары.

 

5

Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарынын, Кыргыз Өкмөтүнүн, областык жана райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдорун, буйруктарынын аткарылышын көзөмөлдөөгө алуу

Ар алты айда

Айылдык кеңештин төрагасы Жеңишбай уулу Э. катчысы Ж. Нурматов

 

 

Кыргыз-Ата айылдык

кеңешинин катчысы

 

 Ж. Нурматов