КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) үчүнчү сессиясы
2021-жылдын 5-июну № 3-1
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысын шайлоо жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 49-беренесине жана Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 05-июнундагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколуна негиз депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 05-июнундагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 49-беренесине негиз депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер Эшполотов Мухаммед Эшполотович Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысы кызматына шайланды деп эсептелинсин.
Төрага | Жеңишбай уулу Э. |