КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) төртүнчү сессиясы
2021-жылдын 17-июлу № 4-7
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылындагы “Ак-Булак” гуманитардык-профилдик багыттагы гимназиянын атын Кочкоров Чиркеш атындагы мектеп гимназиясы деп өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылындагы “Ак-Булак” гуманитардык-профилдик багыттагы гимназиянын атын Кочкоров Чиркеш атындагы мектеп гимназиясыдеп өзгөртүү жөнүндөгү Ак-Булак айылынын тургундарынын 2021-жылдын 10-июлундагы № 1 протоколун туруктуу комиссияда карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына,Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылындагы“Ак-Булак”гуманитардык профилдик багыттагы гимназиянын атын Кочкоров Чиркеш атындагы мектеп гимназиясыдеп өзгөртүү жөнүндөгү Ак-Булак айылынын тургундарынын 2021-жылдын 10-июлундагы № 1 протоколу бекитилсин(тиркелет).
2. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылындагы “Ак-Булак” гуманитардык-профилдик багыттагы гимназиянын атын Кочкоров Чиркеш атындагы мектеп гимназиясыдеп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3. “Ак-Булак”гуманитардык-профилдик багыттагы гимназиянын атын Кочкоров Чиркеш атындагы мектеп гимназиясыдеп өзгөртүү боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан уруксат алуу, юридикалык каттоодон өткөрүү, материалдык-техникалык базасын уюштурууга көмөк көрсөтүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Жеңишбай уулу Э. |