Редакцияот 12.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чалма айылдык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын

2021-жылдын 12-июну № 3/1

Чалма айылдык кеңешинин 2021-жылга карата түзүлгөн перспективдүү иш планын бекитүү жөнүндө

Чалма айылдык кеңешинин иштөө регламентине ылайык 2021-жылга түзүлгөн перспективдүү иш планын талкуулап көрүп, айылдык кеӊешинин кезектеги үчүнчү сессиясынын заседаниеси

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чалма айылдык кеңешинин 2021-жылга карата түзүлгөн перспективдүү иш планы бекитилсин. (иш планы тиркелет)

 

2. Кабыл алынган перспективдүү иш планын өз убагында аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы кеңештин туруктуу комиссияларына жана айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ж.Аттокуровага тапшырылсын.

 

Чалма айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Кадыркулов

 

 

Чалма айылдык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясынын (7- шайланган) заседаниесинин 2021-жылдын №3/1 токтому менен бекитилди.

 

Чалма айылдык кеңешинин - агрардык азык – түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын 2021- жыл үчүн түзүлгөн

 

ИШ ПЛАНЫ

 

№

Аткаруучу иштин мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Ким жоопту

1

Чалма айыл Өкмөтүнүн

 Токбай-Талаа айылын сугат суу менен камсыздоонун маселеси

1-кв

Туруктуу комиссия

төрага, а/ө

тиешелүү адиси

2

Жер ресурстары жана жерди пайдалануунун айыл аймагындагы абалы

2-кв

Туруктуу комиссия, а/ө тиешелүү адиси

3

Айыл аймагындагы экология жана жаратылышты коргоонун абалы

3-кв

Туруктуу комиссия

төрага,

токойчулар

4

КБФнын жерлерин пайдалануунун абалы жөнүндө

4-кв

Туруктуу комиссия, а/ө жер адиси

 

 

Туруктуу комиссиянын төрайымы:

 Осмонова Нураим

 

 

Чалма айылдык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясынын (7- шайланган) заседаниесинин 2021-жылдын №3/1 токтому менен бекитилди.

 

Чалма айылдык кеңешинин - социалдык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризи, саламаттыкты сактоо, муниципалдык менчик, маалымдуулук, инвестиция, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын 2021- жыл үчүн түзүлгөн

 

ИШ ПЛАНЫ

 

№

Аткаруучу иштин мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Ким жоопту

1

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Чалма айыл Өкмөтүнүн Кеңешинин бюджетинин аткарылышынын абалы жана 2021-жылга түзүлгөн бюджеттин долбоору жөнүндө

1-кв

Туруктуу комиссия

төрага,

ФЭБнын башчысы

2

Чалма айыл Өкмөтүнүн 2021-жылга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жөнүндө

1-кв

Туруктуу комиссия, төрагасы,

Айыл башчысы

3

Чалма айыл аймагында жаштардын иштеринин жолго салуунун абалы

2-кв

А/ө жаштар комитети

Туруктуу комиссия

 

4

Чалма айылдык кеңешинин бюджетин 2021-жылдын 1 жарым жылдыгына карата аткарылышынын абалы

 

3-кв

 

Туруктуу комиссия

төрага,

ФЭБнын башчысы

5

Чалма айылдык кеңешинин бюджетин 2021-жылдын 1 жарым жылдыгына карата аткарылышынын абалы

 

 

4-кв

Туруктуу комиссия

төрага,

ФЭБнын башчысы

 

Туруктуу комиссиянын төрагасы:-

Култаев Темирлан

 

 

Чалма айылдык кеӊешинин кезектеги үчүнчү сессиясынын (7-шайланган) заседаниесинин 2021-жылдын № 3/1 токтому менен бекитилди.

 

Чалма айылдык кеӊешинин - мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, кеӊештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, жаштардын иштери, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жыл үчүн түзүлгөн

 

ИШ ПЛАНЫ

 

№

Аткаруучу иштин мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Ким жооптуу

1

 Чалма айыл аймагында диний иштердин абалы жана экстремизм, терроризмди алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө

1-кв

Туруктуу комиссия

Айылдын мечит имамы

2

Чалма айыл Өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелериндеги окуучулардын шашке тамактарын берүүнүн абалы

2-кв

Туруктуу комиссия

а/ө

тиешелүү жетекчилери

3

Аялдар жана жаштар кеӊешинин иштери жөнүндө

3-кв

Туруктуу комиссия

Тиешелүү кеӊештер

4

Айыл Өкмөтүнүн аймагында каада-салт комиссиясынын жүргүзүп жаткан иштери жана андагы көйгөйлөр

4-кв

Туруктуу комиссия

Каада-салт комиссиясы

 

 

Туруктуу комиссиянын төрайымы:

Ормонова Асилбү

 

 

Чалма айылдык кеӊешинин кезектеги үчүнчү сессиясынын (7-шайланган) заседаниесинин 2021-жылдын № 3/1 токтому менен бекитилди.

 

Чалма айылдык кеӊешинин - курулуш, транспорт, өнөр- жай, cоода, ишкердүүлүк, байланыш, энергетика, кайра иштетүү маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жыл үчүн түзүлгөн

 

ИШ ПЛАНЫ

 

№

Аткаруучу иштин мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Ким жооптуу

1

 Чалма айыл аймагындагы курулуш иштеринин абалы

1-кв

Туруктуу комиссия

төрага, а/ө жер адиси

2

Чалма айыл аймагында кайра иштетүү иш- каналарын уюштуруудагы көйгөйлөр

2-кв

Туруктуу комиссия

а/ө

тиешелүү адистери

3

Чалма айыл аймагынын жашоочуларын соода жана транспорт менен тейлөөнүн абалы жөнүндө

3-кв

Туруктуу комиссия,

Тиешелүү тармак өкүлдөрү

4

Чалма айыл аймагында инвестиция тартуу иштеринин абалы жөнүндө

4-кв

Туруктуу комиссия,

а/ө тиешелүү кызматкерлери

 

 

Туруктуу комиссиянын төрагасы:

Мамасадык уулу Мухамбеталы