Редакцияот 15.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 5- чакырылышынын кезектеги 17-отурумунун

2021-жылдын 15-марты № 17/1

Айыл ичин көрктөндүрүү, айлана –чөйрөнү жашылдандыруу боюнча калк ичинде түшундүрүү иштерин жүргүзүүдөгү айыл башчылардын аткарган иштери жөнүндө

Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардын социалдык –инфраструктуралык түзүмдөрүнүн санитардык абалын иретке келтирүү жана сапаттык деңлээлин жакшыртуу, 2021-жылы санитардык тазалоо, айлана –чөйрөнү жашылдандыруу , калктуу конуштарды көрктөндүрүү, бак – дарактардын аянттарын көбөйтүү санитардык - гигиеналык абалды жакшыртуу максатында Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 17-отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айлана –чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча 2021- жылдын 1- мартынан 1-майына чейин үч айлыктын алкагында Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын , санитардык абалын жакшыртуу, айлана –чөйрөнү жашылдандыруу , калктуу конуштарды көрктөндүрүү, бак – дарактардын аянттарын көбөйтүү боюнча калкка түшундүрүү иштери жүргүлсүн.

 

2. Айыл өкмөтүнүн калктуу конуштардын социалдык -инфраструктурасын, жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин уюштуруу жана координациялоо боюнча айыл башчылар У.Кадыркулов, А.Темирмама уулу жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, мекеме ишканалардын жетекчилери колго алышсын.

 

3. Ар жуманын ишемби күндөрү санитардык тазалоо, айлана –чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында ишембиликтер өткөрүлсүн.

 

4. Таштанды чыгарууга атайын жайларды бөлүп берип, көчөлөрдөгү таштандыларды, күлдөрдү ташып барып төктүрүлсүн, алардын айланасын тосуп, таштанды чыгарууга зарыл болгон унаалар жана күйүүчү- майларды каражаттар менен камсыз кылышсын.

 

5. Жашылдандыруу боюнча массалык иштерди жүргүзүү жана калктуу конуштарды көрктөндүрүүгө карата жол бойлоруна бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу, айыл ичин иретке келтирүү, социалдык мекемелерди актоо-сырдоо боюнча иш алып барылсын.

 

Кабылан - Көл айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ш.Акаев