ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги отуз жетинчи сессиясынын (VI шайланган) заседаниеси
2021-жылдын 4-марты № 37/6
Буйга айылындагы Ак-Күнгөй суусуна “Энерджи Буйга” ЖЧК тарабынан кичи ГЭС курууга уруксат берүү жөнүндө
Буйга айылындагы Ак-Күнгөй суусуна “Энерджи Буйга” ЖЧК тарабынан кичи ГЭС курууга уруксат берүү жөнүндөгү Буйга айылынын тургундарынын өтүнүч катын угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Буйга айылындагы Ак-Күнгөй суусуна “Энерджи Буйга” ЖЧК тарабынан кичи ГЭС курууга уруксат берүү жөнүндөгү Буйга айылынын тургундарынын өтүнүч каты канааттандырылып кичи ГЭС курууга уруксат берүү жана жер бөлүп берүү жагы Чалма айыл өкмөтүнөн суралсын
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чалма айылдык кеңешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Чалма айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Кадыркулов |