ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 19-майы № 1/2
Чалма айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жана иш милдеттерин бөлүштүрүү жөнүндө
Чалма айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын курамын жана иш милдеттерин бөлүштүрүлүшүн талкуулап Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чалма айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын төрагасына айылдык кенештин депутаты: Арзиев Султан Рысбайович
2. катчысына айылдык кеңештин депутаты: Акаева Венера Тургунбековна
мүчөсүнө айылдык кеңештин депутаты: Абазбек уулу Шайлообек бекитилсин.
3. Эсептөө комиссиясынын төрагасына жалпы шайлоого көзөмөлдүк жүргүзүү, эсептөө комиссиясынын катчысына шайлоо бюллетендерин кол тамгаларын белгилеп таркатуу жана эсептөө комиссиясынын мүчөсүнө урнага түшкөн бюллетендерди көзөмөлдөө милдеттери бөлүштүрүлсүн.
4. Чалма айылдык кеңешинин төрагасын шайлоону уюштуруу жагы Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
Чалма айылдык кеңешинин жаш курагы улуу депутаты:- |
А.Ормонова |